2025-жылдын 15-16-апрелинде Тогуз-Торо районунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин көчмө жыйыны болду.
Ага комитет мүчөлөрүнөн тышкары “Ынтымак” фракциясынын депутаты Аида Исатбек кызы, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев, Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын башчылары жана айыл тургундары катышты.
Жыйында алгач комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев сөз сүйлөп, аймактардагы айыл чарбасы жана экология тармактарын жакшыртууга багытталган иш-аракеттер туурасында кеңири маалымат берди.
Андан соң райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен райондук суу-чарба башкармалыгынын жетекчилери акыркы жылда аткарган жумуштар, жаңы долбоорлор жана аларды ишке ашыруу жолдору тууралуу баяндама жасашты.
Жолугушууда райондогу көйгөйлүү маселелер: айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, каналдарды райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү, райондогу кээ бир айылдарга берилбей келген 45% райондук коэффициентти районго толук кошуп берүү, жеңилдетилген насыяларды алуу, жайыт акылар, ветеринардык кызматтар, “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү тууралуу маселелер көтөрүлдү.
Жыйындын соңунда эл өкүлдөрү ар бир көйгөйдүн маанилүүлүгүнө токтолушуп, тийиштүү мекемелер менен бирге иш жүргүзүлөрүн билдиришти.






