Каргалык айыл аймагына караштуу №4 Сары-Булуң айылдык китепкананын имараты ачылып пайдаланууга берилди

 Ачылышка Тогуз-Торо районунун акиминин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Зууракан Акунова, Каргалык айылдык кеңештин төрагасы Таалайбек Токтоболотов, айылдык кеңештин депутаттары Сапаралы Өмүракунов, Венера Эпээва,Тогуз-Торо райондук Ч.Айтматов атындагы борбордук китепкананын директору Гүлсайра Токтосунова жана айыл тургундары катышты.
Кара-Суу айылындагы китепкананын курулушун “Эмирхан Компани” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 8094829 сомго утуп алып, жергиликтүү бюджеттен 4287047 сом. Дем берүүчү (үлүштүк) грантынан 3807782 сом акча каражаты каржыланып,китепкана жана окуу залы менен бүткөрүлдү.
Айыл өкмөт тарабынар “Эмирхан Компани” жоопкерчилигинин өкүлчүлүгүнө “Ыраазычылык кат”, прораб менен инженерине “Ардак грамота” тапшырылды.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply