К  У  Л  А  К  Т  А  Н  Д  Ы  Р  У  У  !!!

  2024-жылдын 17-ноябры жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү.

  

2024-жылдын  17- ноябрында өтүүчү  Атай, Карргалык, Тогуз-Торо   айылдык  кеңештеринин депутаттарын шайлоого карата депутаттыкка  талапкерлерди көрсөтүү 2024-жылдын  17-октябры  саат  18-00 го чейин  Тогуз-Торо  аймактык  шайлоо комиссиясы тарабынан  жүргүзүлөт.

 

Жергиликтүү кенештерине – саясий партиялардан жана жарандар өзүн-өзү көрсөтө алат.

(Саясий партия  ар бир көп мандаттуу  шайлоо округу боюнча ал округ боюнча белгиленген мандаттардын санынан  ашпаган сандагы  талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу)

 Ошол себептен көрсотүлгөн мөөнөттөн кечиктирбестен төмөндөгү документтерди Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүү зарыл:

1) Арыз (Аймактык  шайлоо  комиссиясына  талапкер  болуп  көрсөтүлүүгө  ниеттенгендиги  жөнүндө  арыз). (Типтүү форма толтурулат. №6-1 форма)

2)  Талапкердин паспортунун көчүрмөсү

3)  Скорошиватель (Дело) 1-даана

4) Билими тууралуу документтин көчүрмөсү (орто жалпы билиминен төмөн эмес билими тууралуу күбөлүк

5) Саясий партиянын талапкерлерди көрсөтүү жөнундө чечими (көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими саясий партиянын же партиянын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин коюлган колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталат).

6)  Жашагандыгы тууралуу тактама. (Түндүк тиркемесинен алынат)

7) Өзү жөнүндө маалыматтары (резюме, биографиялык жана башка маалыматтар) менен талапкер тарабынан толтурулган атайын форма;

8) Сүрөт-2 даана 3*4 разменринде кызыл фон.

9) Жеке маалыматтарды жыйноого жана текшерүүгө макулдук (Типтүү форма толтурулат. №11 форма).

10) Башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу жөнүндө маалымат. ( Типтүү форма  толтурулат. №12 форма).

 

11) Талапкер шайлоо алдындагы  программасы, урааны, максаты ( социалдык, экономикалык, экологиялык жана башка багыттарды)

 

 

Тогуз-Торо  аймактык шайлоо комиссиясы

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply