Бүгүн, 2024-жылдын 4-октябрында Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан жеке ишкерлердин укуктарын коргоо жана ишкердиктин субъекттери тарабынан башка мыйзамдардын талаптарын аткарылуусу багытында ишкердик субъекттеринин, укук коргоо жана контролдоочу органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушуу өткөрүлүп, анда бизнес коомчулуктун ар кандай чөйрөсүндөгү өкүлдөрү катышкан.
Тактап айтканда, Тогуз-Торо райондук прокуратурасы, райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте 2024-жылдын 3-октябрында мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жеке ишкерлер, райондун укук коргоо (УКМК, милиция), салык органдарынын жана ишкерлерге карата текшерүү жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү менен тегерек стол уюштурулуп, тегерек столго жеке ишкерлер жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышкан.
Өткөрүлгөн тегерек столдо райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январы ПЖ № 1 Жарлыгы боюнча түшүндүрүү жана ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы «Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» №388 Жарлыгы боюнча жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн тартиби, ишкерлердин укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөн.
Мындан тышкары, жеке ишкерлерге “Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркеменин өзгөчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.