2024-жылдын 4-июнь күнү Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Этика комиссияларынын ишин уюштуруу” деген темада окутуу семинары болуп өттү.
Семинарга Тогуз-Торо районуну аймагындагы мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Этика маселелери боюнча комиссиянын мүчөлөрү катышышты.
Семинардын жүрүшүндө этика комиссиясынын ролу, этика комиссияларынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу тиешелүу мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар, комиссиянын ишин уюштуруунун этаптары, комиссиянын ишинде кезиге турган каталар жана аларды чечүү жолдору ж.б. тууралуу кеңири маалымат берилди.
Etika-komissiyalarynyn-ishin-uyushturuu