Эне тил-улуттун байлыгы

Бүгүн, 21-февраль Эне тил күнүнө карата “Эне тил-улуттун байлыгы” аталышындагы райондук деңгээлде иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Салиманов Табылды Түйтөбаевич катышып, сөз сүйлөп, өз сөзүндө “бул күн 1999-жылы Бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып, ошондон бери жыл сайын маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жаткандыгын, ар бир тил өзүнчө кайталангыс улуу мурас, интеллектуалдык байлык, аны жоготуп алуу адамзат үчүн, ошол тилде сүйлөгөн улут үчүн өтө оор жоготуу экендигин белгилеп, кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү – улуттук улуу милдет болгондуктан, ата-бабабыздан калган тилибизге урмат менен мамиле кылууга иш-чаранын катышуучуларын үндөп, кыргыз тилибиздин байлыгы жана сулуулугу менен биз башкаларга өз маданиятыбызды таанытып, анын наркын жогору көтөрүү аркылуу ар бирибиз өзүбүздүн эне тилибизди, маданиятты, тарыхты урпактарга (келечекке) өткөрүүчү көпүрө болууга чакырды”.
Иш-чара А.Сыдыков атындагы Маданият үйү, Т.Токтоналиев атындагы №45 кесиптик лицейи жана билим берүү тармагы менен биргеликте концерттик программа даярдалып өткөрүлдү.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply