Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата ” Эне тил – улуттун уңгусу, көөнөрбөс мурасы” аттуу иш-чара болуп өттү. Залкар акын жазуучулардын эне тилди даңазалаган ырлары, учкул ойлору кызматкерлердин көркөм окуусу менен коштолду.
Улуттун башаты-эне-тил.
Эне тил өзүнчө кайталангыс улуу мурас, интеллектуалдык байлык. Аны жоготуп алуу адамзат үчүн, ошол тилде сүйлөгөн улут үчүн өтө оор жоготуу. Себеби, тил менен кошо улут дагы жоголот.
Аны сактоо ар бирибиздин милдетибиз!