Тогуз-Торо районунда “Энелер күнү” белгиленди

2025-жылдын 16-май күнү районубузда “Энелер күнү” райондук деңгээлде белгиленди. А.Сыдыков атындагы райондук маданият үйүндө “Энелер күнү” белгиленип, иш-чарага районубуздагы кадыр-барктуу апалар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Исатбек кызы, район акими Манас Мураталиев катышышып, майрамдык салтанатка күбө болушту. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Манас Мураталиев куттуктоо сөз сүйлөп, адамзатка өмүр тартуулап,…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

  Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгы районубузда белгиленип, “Өлбөс полк” жөө жүрүшү өткөрүлдү. Жөө жүрүшкө райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Манас Мураталиев, акимдин орун басарлары, айыл өкмөт башчылары жана мекеме ишканалардын жетекчилери эмгек жамааттары менен жана район тургундары катышышты. Андан соң, эстеликке гүл чамбар коюлуп, ата-бабаларды эскерип куран окулду. Районубуздагы…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32 жылдыгы белгиленди

Бүгүн Тогуз-Торо районунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32 жылдыгына карата салтанаттуу митинг болду. Митингдин соңунда Тогуз-Торо районунда “Спорт ылдамдыкта эмес-ылдамданууда” аттуу (мырзалар, айымдар) арасында “Кросс” спорттук жарышы өткөрүлдү. Иш-чарага айыл аймагынын айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалар, райондун тургундары катышты. “Кросс” спорттук жарышында I, II, III орунду алгандар Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң өзөнүнө 15 га жер аянтына 25 миң көчөт олтургузулду

Жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, көрктүү, таза жана табияты кооз жайларды жашылдандыруу, келечек муунга мурас катары калтыруу максатында Тогуз-Торо токой чарбасынын Макмал токойчулук бөлүмүнүн Сары-Булуң участкасынын 15 гектар жерине 25 миң терек көчөттөрү тигилди.

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

7-Апрель – Элдик революциясында курман болгон жарандар эскерилди

Бүгүн райондо 7-Апрель – Элдик революциясында курман болгон жарандар эскерилди. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Темирбек Арун уулу, айыл аймагынын айыл өкмөт башчылары, Казарман айылынын имамы Тынчтык Болотбеков, мекеме-ишкана жетекчилери жана кызматкерлер катышты. Иш-чарада каза болгон жарандардын элесине багышталып куран окулду.

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

“Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын мектеп окуучулары арасында райондук этабы болуп өттү

Иш-чара, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» №126 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептеринин окуучулары арасында өткөрүлдү. Таймашка, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын өкүлү Төлөбек…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

“Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча Жергиликтүү комитеттердин иш-аракеттери жөнүндө” өткөрүлгөн семинар-тренинг

Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан Ханнс Зайдель фондунун колдоосу менен “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча боюнча Жергиликтүү комитеттердин иш-аракеттери жөнүндө” семинар-тренинг уюштурулду. Семинарга, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы, райондук прокуратура, райондук ички иштер бөлүмү, айыл өкмөттөрдүн социалдык адистери, жалпы билим берүүчү орто мектептеринин социалдык педагогдору, үй-бүлөлүк…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Эне тил күнүнө карата Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында иш-чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан  21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата ” Эне тил – улуттун уңгусу, көөнөрбөс мурасы” аттуу иш-чара болуп өттү. Залкар акын жазуучулардын эне тилди даңазалаган ырлары, учкул ойлору кызматкерлердин көркөм окуусу менен коштолду. Улуттун башаты-эне-тил. Эне тил өзүнчө кайталангыс улуу мурас,…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Эне тил-улуттун байлыгы

Бүгүн, 21-февраль Эне тил күнүнө карата “Эне тил-улуттун байлыгы” аталышындагы райондук деңгээлде иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Салиманов Табылды Түйтөбаевич катышып, сөз сүйлөп, өз сөзүндө “бул күн 1999-жылы Бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып, ошондон бери жыл…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери

Тогуз-Торо райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 11-13 февраль күндөрү айылдык аймактарга “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору, “Министрликтин 7 долбоору” “Жазгы талаа иштерине даярдыктар”, “Башкармалыктын 2024-жылы аткарган иштери жана 2025-жылга пландары”, Агродиолог -2025″ “Жарманке” боюнча дыйкан фермерлерге түшүндүрүү иштери жана кеңири маалыматтар жеткирилип жалпы 291 дыйкан фермерлер катышып брошюра китепчелер…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа: