Аталган иш-чара, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, райондогу ардагерлерге көңүл буруу, сергек жашоого үндөө максатында, райондук мамлекеттик администрация тарабынан, Каргалык айыл өкмөтүнүн демөөрчүлүгү менен райондук О.Чопиев атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин имаратында уюштурулду.
Иш-чарага, райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Зууракан Акунова, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Жапаралы Казыбаев, райондогу ардагерлер жана балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин эмгек жамааты катышты.
Аталган шахмат, тогуз-коргоол, кол күрөш оюндары боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү райондук мамлекеттик администрациясынын диплому, Каргалык айыл өкмөтүнүн медаль жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
“Карысы бардын-ырысы бар”!