Тогуз-Торо району боюнча мамлекеттик бюджетти аткарууда 2024-жыл 9 айына 415 308,0 миң сомдук план тапшырмасы берилип, иш жүзүндө 486 009,9 миң сомго аткарылып, көрсөткүч 117,0% ды түзүп, мамлекеттик бюджетке 70 701,9 миң сомдук каражаттар ашыгы менен түшкөн, же былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 172 382,9 миң сомго көп чогултулуп, өсүү темпи 154,9% түзгөн.
Мунун ичинен:
• Республикалык бюджеттин планы 349 214,2 миң сом берилип, иш жүзүндө 417 239,0 миң сомду түзүп, аткаруу 119,5 % ды түзүп, 68 024,8 миң сом ашыгы менен аткарылган, же былтыркы жылга салыштырмалуу 165 464,0 миң сом ашыкча топтолуп, өсүү темпи 165,7% түзгөн.
• Жергиликтүү бюджеттин планы 66 094,0 миң сом берилип, иш жүзүндө 68 771,0 миң сомду түзүп, аткаруу 104,0 % ды түзгөн, же 2677,0 миң сомго ашыгы менен аткарылып, былтыркы жылга салыштырмалуу 6 919,0 миң сом ашыкча топтолуп, өсүү темпи 111,2% түзгөн.