Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо боюнча «Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында Т. Жээналиев көчөсү №23 дарегинде жайгашкан “Турмуш-тиричилик үйүнүн (Домбыт) имаратын реконструкциялоого» конкурс жарыялайт жана бардык кызыкдар тараптарды конкурска катышууга чакырат.
Долбоор учурдагы имаратты реконструкциялоону, андан кийин мейманкана инфраструктурасын, коммерциялык жайларды, тиричилик тейлөө объектилерин жана сервистик кызматтарды камтыган заманбап көп функционалдуу объектини түзүүнү карайт.
Долбоордун негизги максаты райондун заманбап инфраструктурасын өнүктүрүү, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана ишкердикти, туризмди жана инвестициялык активдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат. Конкурска катышуу үчүн квалификациялык талаптар жана сунуштар менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: Квалификациялык талаптар.
Катышуу үчүн арыз салынган конверт тиркелген документтери менен Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына, 721500 Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Тоголок Молдо көчөсү №53 дареги боюнча же курьердик кызмат аркылуу почта аркылуу 2026-жылдын 26-июнунда саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
Долбоор боюнча суроолор боюнча Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына 0373850015 телефону аркылуу же Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборуна 30 01 76 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөбүз.
