Сарык оорусун алдын-алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар

🔹️Тогуз-Торо районунда былтыркы жылга салыштырмалуу жугуштуу сарык оорусу өсүш берүүдө.
🔹️Оорунун 90% жаш балдар жана окуучулар арасында катталууда.
🔹️Сарык оорусун жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында, бардык мектептерде, бала бакчаларда санитардык ченемдердин жана жугушсуздандыруу эрежелерди сактоо боюнча эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлдү.
🔹️Мектеп, бала бакчаларда, айыл өкмөттөрдө сарык оорусунан сактануу боюнча адистер тарабынан семинар, лекция ж.б иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
🔹️Мындан сырткары билим берүү мекемелеринде окуучуларга акция, диктант, семинар сыяктуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
КАЙРЫЛУУ‼️
🔹️Урматтуу ата- энелер! Балдарыныздар сарык менен ооруп калбасы үчүн:
🔖Сырттан келгенде, тамак ичээрдин алдында колун самын менен жуусун.
🔖Суусаганда ичкенге сууну кайнатып, муздатып даярдап бериниздер. 🔖Үйдүн жана даараткананын тазалыгын сактаныздар.
🔖Мектепке балдар суусаганда суу ичүүсүнө кичине бутыль- баклашкаларга үйдөн кайнатылган сууну муздатып, куюп бериниздер.
🔖Ар бир балага сумкасына даарат кагаз салып берип турунуздар.
🔖Балдарды көп эл чогулган жерлерге алып барбаныздар: той, чоң базар, оюн зоок жана башка коомдук жайларга!
🔹️Мектеп, бала бакчаларда бул эрежелер толук аткарылып, көзөмөлдөнүп жатат, бирок сиздер дагы үйдөн эрежени аткарбасаныздар балдар ооруп калууга шарт түзүлөт. Үйдөгү контактта болгон балдарга жугуп калуу коркунучу бар.
🔹️Балдардын ден соолугун коргоо- ар бир ата-эненин милдети!
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply