Тогуз-Торо: Аким Чет-Булак айылынын эли менен жолугушту.

Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев Каргалык айыл өкмөтүнүн Чет-Булак айылынын эли менен жолугушту.
Жолугушууга райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Алгач Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Эмил Артыкбаев 2024-жылга аткарылуучу иштер тууралуу маалымат берди.
Андан соң жашоочулар тарабынан күйүүчү майдын сапаты, арык каналдарды тазалоо, тазалык, спорт залдын электр энергиясы, ижарага жер алуу маселелери айтылды. Аким элдин суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди. Ошондой эле бир катар көйгөйлөр келерки жылдын бюджетинен чечиле турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, акимдин эл менен жолугушуусу бүгүн саат 14:00дө Казарман айылынын айыл өкмөтүндө өткөрүлөт.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply