9-Май Улуу Жеңиш күнү

9-Май Улуу Жеңиш күнү

Раймамадминистрациясы тарабынан “Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү”  райондук денгээлде  салтанат өткөрүлдү. Салтанатта  райондук мамлекеттик администрация башчысынын 1-орун басары А.К. Кожошов, райондун элин Жеңиштин 73 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Салтанаттын жүрүшүндө  райондук мамлекеттик администрациясынын жана Аскер комиссариатынын демилгеси менен Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Өлбөс полк” акциясы уюштурулду.


Казарман айылынын Т.Жээналиев, Тоголок Молдо жана Т.Кожалиев көчөсүнөн Ж.Кыдыров атындагы райондук эс алуу паркына чейин “Өлбөс полк” акциясында  райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегия мүчөлөрү, мекеме жетекчилери, Ооган согушунун ардагерлери, Т.Токтоналиев атындагы №45 кесипчилик лицейинин эмгек жамааты, курсанттары, О.Чопиев атындагы спорт мектебинин спортчулары, Т.Мойдунов атындагы Макмал, А.Абдраимов, Иманберди уулу Иса, М.Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринин эмгек жамааттары, окуучулары  жана  райондо жашаган каалоочулар өздөрүнүн чоң -ата, чоң- эне, таята, таянелеринин  А4 форматындагы портреттерин, гүл, шариктерин көтөрүп  патроиттук ырлар,уран чакырыктар  менен коштолуп 2,5 чакырым аралыкта  жөө жүрүш уюштурулуп жогорку денгээлде өткөрүлдү.

    
Жеңиштин 73 жылдыгында согушта курман болгондорго Ж.Кыдыров атындагы эстеликке гүл чамгырлар, венок коюлуп, “эскерүү” мүнөтү жана 3 автомат менен залп атып  курман болгондорго  куран окутулду.
Мындан сырткары  райондук маданият кызматкерлеринин “От кечкен аталарга-таазим” аттуу театралдаштырылган оюн-зоок жана чоң  программадагы  концерт тартууланды.


Райондун аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлерине райондук мамлекттик администрациясынын 1% резервдик фондусунан 6 энеге ар бирине 500 сомдон 3,0 миң сом акчалай, Каргалык айыл аймагы 4 энеге 2,0 миң сомдон 8,0 миң сом, Сары -Булуң айыл аймагы 2 энеге 1,0 миң сомдон 2,0 миң акчалай белектер берилди.
Андан соң, Жеңиш күнүнө карата 7- май күнү мекемелер арасында стол тенниси жана 8- май күнү айыл аймактарынын  60 жаштан жогору мырзалар арасында волейбол спорттук оюну өткөрүлүп жеңүүчүлөргө дипломдор жана демөөрчүлөр тарабынан 10,0 миң  сом акчалай сыйлыктар тапшырылды. 2018-жылдын 9-май күнү абсолюттук күрөш өткөрүлүп  жеңүүчүлөргө  демөөрчүлөр  тарабынан 10,0 миң сом берилди.
Спорттук оюндарга жалпы район боюнча 20,0 миң сом, ал эми Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлерине жалпы  район боюнча 13,0 миң сом чыгымдалды

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply