Тогуз-Торо: Чет-Булак айылында 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Чет-Булак айылындагы №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Мектептин ачылышына Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Каргалык айыл аймагынын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Алтынбек Жарбашов, Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Таалай Токтоболотов, мекеме ишканалардын жетекчилери,…