Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-2025-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү жөнүндөгү 13.01.2025-жыл №11/1 буйругунун негизинде Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн “2024-2025-окуу жылына карата мектеп окуучуларынын Республикалык предметтик олимпиадасынын райондук баскычын өткөрүү” жөнүндөгү 12.02.2025-жыл №30 буйругу чыгарылып, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 11.11.2019-жылдагы №1310/1 буйругу менен бекитилген Республикалык олимпиаданы өткөрүүнүн Жобосун жетекчиликке алып, райондун жалпы орто билим берүү уюмдарындагы билимге кызыккан зээндүү окуучуларды табуу, алардын билимдерин өркүндөтүү үчүн дем берүү жана кызыкчылыктарына колдоо көрсөтүү максатында 2025-жылдын 18-19-февралында Республикалык предметтик олимпиаданын II баскычы өткөрүлдү. Олимпиада кыргыз тили жана адабияты (кыргыз, орус класстар үчүн), орус тили жана адабияты (кыргыз, орус класстар үчүн), англис тили, математика, физика, информатика, химия, биология, география жана тарых предметтеринен болуп өттү.
Олимпиаданын II баскычына райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептеринде өткөрүлгөн I баскычтын жыйынтыгы менен жеңүүчү болуп табылган 267 окуучуга тапшырыктар келген. Ар кандай жүйөөлүү себептер менен 4 окуучу катыша албай калышты жана олимпиада жүрүп жаткан учурда 10 окуучу четтетилди (дисквалификация).
Жобого ылайык олимпиада эки тур менен өткөрүлүп, жыйынтыгында 40 окуучу байгелүү орундарга ээ болушту (тизме тиркелет). Анын ичинен 25 окуучу 1-2-орундарга ээ болгондуктан олимпиаданын облустук III баскычына сунушталды.
Мектептер арасында рейтинг чыгарылып 1-орунду №1 Т. Мойдунов атындагы Макмал ЖББОМ, 2-орунду А. Абдраимов атындагы ЖББОМ, 3-орунду Азамат уулу Калдыбай атындагы ЖББОМ алды.




