15-февралда болуп өткөн элдик жыйын.

15-февралда болуп өткөн элдик жыйын.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.Кенекеев тарабынан бекитилген графикке ылайык республиканын ар бир райондорунда элдик жыйындар өтүлүүдө.   2018-жылдын 15-февралында Тогуз-Торо районунда да элдик жыйын болуп, бул жыйынга КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ызабеков Темирбек Рысбекович, областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы адиси Мамасадыков Мелис Маматович, Ичүүчү таза суу менен камсыздоо департаментинин Жалал-Абад областындагы өкүлү Долдоев Таалайбек Анарбаевич катышып, элдик жыйын болуп өттү. Элдик жыйында негизинен Тогуз-Торо районун өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип жаткан көйгөйлүү маселелер айтылып, жыйында көтөрүлгөн маселелердин негизинде Токтом кабыл алынып, иш-чаралар планы бекитилди.

Элдик жыйындан соң КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ызабеков Темирбек Рысбекович жалпы билим берүүчү орто мектептериндеги 1-4-класстын окуучуларына шашке тамагынын берилишин жеринен көрүп, таанышып чыкты.

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply