Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары!
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы академиясы 2025-жылдын 8–12-декабрь күндөрү Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Жээналиев көчөсү №54 дарегинде “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасында курс өткөрөт.
Курс төмөнкүлөр үчүн арналган:
мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлери;
орто жана чакан бизнес өкүлдөрү.
Курстун шарттары:
Узактыгы: 40 академиялык саат
Мөөнөтү: 5 күн
Сабак башталат: 09:00–16:30 (иштен ажыратылып)
Окуу баасы: 7200 сом
Группанын көлөмү: 25 адам (орундар чектелүү)
Катталуу үчүн байланыш телефондору:
📞 Жаркын — 0557 200587 (Финансы академиясынын кызматкери)
📞 Ильгиз — 0501 920869, 0500 359008