Жарыя

Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары!

Сиздерге экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бюджеттик кредит алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымдайбыз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 “Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу” Жарлыгынын негизинде “Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу” типтүү жобо бекитилди. Аталган жобо боюнча райондун өнүктүрүү фонддорунун каражатынан экономикалык долбоорлорду бюджеттик кредит менен каржылоо каралган.

*Экономикалык долбоорлорду карап чыгуу тартиби:*

Кредит алуу үчүн төмөнкү документтерди райондук өнүктүрүү фондуна тапшыруу керек:
* Кредит алуу тууралуу арыз.
* 3 жана 3.1 формалары, жобого ылайык.
* Долбоордун бизнес-планы.

Долбоорлор Байкоочу кеңештин мүчөлөрү тарабынан тандоо критерийлери жана балл берүү аркылуу каралат. Келишимге алынган долбоорлор Байкоочу кеңештин протоколу менен финансылык кредиттик фондго (ФКФ) жөнөтүлөт.
ФКФ кредит алуу үчүн арыз берген адамдын кредит жөндөмдүүлүгүн жана кепилдик камсыздоону талдап чыгып, кредит берүү чечимин кабыл алат.

*Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн экономикалык долбоорлорго бюджеттик кредит берүү шарттары:*
* Кредитти пайдалануу үчүн пайыздык чен: жылына 2%.
* Комиссия (туум): жылына 6%.
* Бюджеттик кредиттин кайтарылышына кепилдик берүү: ликвиддик залог, банктын кепилдиги же камсыздандыруу.
* Бюджеттик кредитти алууга талаптар:
* Мурунку алынган бюджеттик кредиттер боюнча карыздын кечиктирилиши болбошу керек;
* Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык, салык жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карыз болбошу керек.

*Бюджеттик кредиттерди берүү мөөнөтү:*
* 3 000 000 сомго чейин – 5 жылга чейин;
* 3 000 000 сомдон 5 000 000 сомго чейин – 7 жылга чейин;
* 5 000 000 сомдон жогору – 10 жылга чейин.

Долбоордук өтүнмөлөрдү 2025-жылдын 1-ноябрына чейин кабыл алынаарын маалымдайбыз.

Дареги: Тогуз-Торо финансы башкармалыгы,.Жээналиев көч №54.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: +(996) 220004567; 0500359008;

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply