Жаңы дайындоо

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 28.11.2025-жылдагы №01-3-3/14060 сандуу сунуш катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 16-беренесинин 1-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктчасынын негизинде Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 1-декабрындагы  № 10 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 15.05.2025-жылдагы №270 буйругу менен кадрлар резервине турган Абдылдаев Сталмамбет Кыдыңович 2025-жылдын 1-декабрынан тартып Тогуз-Торо райондук маданият бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды.

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply