Бүгүн 5-июль медицина кызматкерлеринин күнүнө карата райондук маданият үйүндө салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Медицина кызматкерлеринин талыкпаган эмгегин баалап, аларга чет өлкөлөргө эс алууга мүмкүнчүлүк түзүү жана кесипкөйлүгүн арттырууга шык, дем берүү максатында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мураталиев Манас Манапбекович жеке өзүнүн демилгеси менен 3 медицина кызматкерине (А. Кыдыршаевага, А. Мамадиловага жана Г. Өмүрбековага) чет өлкөгө эс алууга Вьетнам өлкөсүнө жолдомо тапшырды.
Атай айыл өкмөт башчысы Жаңыбаев Аскер Карыпбекович жергиликтүү бюджеттен 2 медицина кызматкерине Ысык-Көлгө жолдомо тапшырды жана жеке өзүнүн атынан 2 медицина кызматкерине Ысык-Көлгө жолдомо берилерин билдирди.
Ошондой эле, Каргалык айыл өкмөт башчысы Абдрахманов Бердибек Маматжанович жеке өзүнүн атынан 2 медицина кызматкерине жана Тогуз-Торо айыл өкмөт башчысы Жарбашов Алтынбек Турдубекович 2 медицина кызматкерине Ысык-Көлгө жолдомо бериле тургандыгын билдиришти.
Мындан сырткары, медицина кызматкерлерине төш белгилер, ардак грамоталар, ыраазычылык каттар тапшырылды. Иш-чарада медицина кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.








