2025-жылдын 25-февралында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн укук бузуулардын алдын алуу боюнча координиациялык комиссиянын отуруму болуп, анда төмөндөгү маселелер каралды.
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 12.02.2025-жылдагы №06-01/983 жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 05.02.2025-жылдагы №19/199 каттарына ылайык райондун аймагындагы мыйзамсыз курулган курулуштар тууралуу;
– Алдамчылык аракеттер менен ээлик кылуу ыкмаларын, атайын кесепчилик схемаларын жана кылмыштарды алдын алуу багытында жүргүзүлгөн иштер тууралуу;
– Райондун аймагында үй-бүлөлүк зордук зомбулукту жана жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын-алуу, коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 27.08.2024-жылдагы “Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуяларын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жөнүндө” №509-тескемесинин аткарылышы жана райондун аймагында жаз-жай айларында сел, суу ташкындарын, суу каптоолордун алдын-алуу, ирригациялык тармактарды (сел,сугат каналдарды) тазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер.
Аталган маселелер боюнча тиешелүү мекеме жетекчилерге, айыл өкмөт башчыларга милдеттер коюлду.
