Райондун Атай айыл аймагынын Атай, Арал, Бирдик айылдарында үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул алуучулардын жана жумушсуз жарандардын даректүүлүгүн жана элдин жашоо шартын аныктоо боюнча үймө-үй кыдыруу жүрүүдө.

Кыдырууга акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын адистери, аймактык тескөөчү жана айыл өкмөттөрдүн социалдык кызматкерлери үймө-үй кыдырууга чыгышты.

Үйлөрдү кыдыруунун негизги максаты үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул алуучулардын жана жумушсуз жарандардын даректүүлүгүн жана элдин жашоо шартын аныктоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана турмуштун оор кырдаалына кабылган балдарды, мектепке, бала бакчага тартылбай калган өспүрүмдөрдү аныктоо, ата-энеси миграцияда жүргөн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөнүндө маалымат чогултуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана кароосуз карыялардын жашоо-шартына анализ жүргүзүү болуп саналат.

Район акими Манас Мураталиевдин буйругуна ылайык, үйлөрдү кыдыруу уланууда.