Тогуз-Торо районунда жергебиздин берекелүү түшүмүн, дыйкандардын мээнетинин үзүрүн даңазалаган “Күз майрамы-2024” түшүм майрамы Жусупбек Байсогуров атындагы “Кара шумкар” ат майданында белгиленди.
Майрамдык иш-чарага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, акимдин 1-орун басары Т.Арун уулу, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана тургундар катышты.
Жазында маңдай тери менен эккен дан эгиндеринен түшкөн мол түшүм — элибиздин биримдигинин, тынымсыз эмгегинин үзүрү.
Майрамдык салтанатта районубуздун айыл чарбасынын өнүгүшүнө салым кошкон районубуздун атуулдары Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак Грамотасы” менен сыйланышты.
Майрамдык салтанатта районубуздун айыл чарбасынын өнүгүшүнө салым кошкон районубуздун атуулдары Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак Грамотасы” менен сыйланышты.
Майрамдык салтанатты утурлай кыргыздын улуттук көк бөрү оюнунан сырткары, эркин күрөш, аркан тартыш, чака чапмай, кыз куумай, эр эңиш оюндары уюштурулуп, райондун тургундарына позитивдүү маанай тартууланды.
Байге фонду “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы жана айыл чарба мекемелери тарабынан уюштурулуп, жеңүүчүлөр диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Жергебизде ар дайым береке жана молчулук болсун!