Тогуз-Торо районунун 2024-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы

Район боюнча жалпы өнөр-жай тармагында иштеп жаткан өндүрүштүк субъекттер тарабынан 2024-жыл ичинде 2 217 124,9 миң сомдук продукция өндүрүлгөн болсо, ал эми 2023-жыл ичинде 1 416 749,2 миң сомдук продукциялары өндүрүлүп, продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 2024-жылга 128,7% ды камтып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 800 375,7 миң сомго көп өндүрүлүп, аткаруу 156,5% түзгөн.  Жалпы өндүрүлгөн 2 217 124,9 миң сомдук продукциянын ичинен 99,3% пайызын тоо кен тармагы түзсө, 0,7% пайызын райондогу калган өндүрүштүк тармактар түзөт.

Эң ири өндүрүш ишканасы болуп эсептелген “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн алсак, 2024-жыл ичинде 2 201 781,4 миң сомдук товардык продукция өндүрүлүп, былтыркы жылдын ушул мегилине салыштырмалуу көрсөткүч  156,3 % ды түзгөн, же болбосо 792 889,2 миң сомдук продукцияга көп өндүрүлгөн. Ал эми жеке ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн товардык продукцияларын ала турган болсок, 2023-жылда 7 857,0 миң сомдук продукция өндүрүлгөн болсо, 2024-жылда  15 343,5 миң сомдук продукциясы өндүрүлүп, 2023-жылга салыштырмалуу 195,3% ды түзүп, 7 486,5 миң сомго көп өндүрүшкөн. (Толук окуу….)

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply