Тогуз-Торо районунда жаңы жылдык иш-чара белгиленди

Майрамдык иш-чарага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, акимдин орун басарлары, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Район акими өзүнүн куттуктоо сөзүндө элибизди жаңы жылы менен куттуктап, районго тынчтыкты, ынтымакты жана бакубат жашоо каалоо менен районубуздагы социалдык-экономикалык шарттарды жакшыртуу боюнча бир топ долбоорлор ишке ашырылганын жана келечекте ишке ашарын белгилеп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа тартууланып, жылдын мыктылары сыйланып, райондук мамлекеттик администрация тарабынан ардак грамоталар, диплом, жана сертификат тапшырылды.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply