Тогуз-Торо районунда волейбол боюнча “Акимдин кубогу” өткөрүлдү

             Кыргыз спортунун 100 жылдык мааракесине карата жана жаш өспүрүмдөр арасында ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Тогуз-Торо районунда волейбол боюнча мектеп окуучулары (балдар жана кыздар) арасында “Акимдин кубогу” аталышындагы мелдеш өткөрүлдү.
Мелдешке Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким М.М. Мураталиев, акимдин орун басары А.А. Жунусалиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Т. Талайбеков, О. Чопиев атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору А.К. Атыканов, дене тарбия мугалимдери жана мектеп окуучулары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө аким М.М. Мураталиев куттуктоо сөз сүйлөп, окуучуларды ынтымакка, сергек жашоого жана спортту сүйүүгө чакырып, мелдешке катышкан командаларга ийгилик каалады.
Оюндун жүрүшүндө командалар кызыктуу беттеш өткөрүп, жыйынтыгында кыздар арасында:
1-орун – №10 Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүү мектеби
2-орун – №3 Б. Үрүстөнбеков атындагы жалпы билим берүү мектеби
3-орун – №1 Т. Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү мектеби
Ал эми балдар арасында:
1-орун – №8 М. Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүү мектеби
2-орун – №6 Бирдик жалпы билим берүү мектеби
3-орун – №1 Т. Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү мектеби
Жеңишке жеткен командалар дипломдор, медалдар жана кубоктор менен сыйланышты.
Мындай спорттук иш-чаралар өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыңдоого, достукту бекемдөөгө жана сергек жашоо образын калыптандырууга өбөлгө түзөт. Жалпы катышуучуларга ден соолук, спорттук ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply