2025-жылдын 16-май күнү районубузда “Энелер күнү” райондук деңгээлде белгиленди.
А.Сыдыков атындагы райондук маданият үйүндө “Энелер күнү” белгиленип, иш-чарага районубуздагы кадыр-барктуу апалар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Исатбек кызы, район акими Манас Мураталиев катышышып, майрамдык салтанатка күбө болушту. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Манас Мураталиев куттуктоо сөз сүйлөп, адамзатка өмүр тартуулап, чоң түйшүктү мойнуна артып, үзүлгөндү улап, улуулукту, сулуулукту даңазалап, үйдүн куту, түндүктүн түркүгү болуп келе жаткан энелерге бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык каалады. Районубуздун ар тараптан өнүгүшүнө өздөрүнүн зор салымын кошкон апалар райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамоталар” менен сыйланышты.
Андан соң А.Исатбек кызы куттуктоо сөз сүйлөп, ишиндеги жетишкен алгылыктуу ийгиликтери, районубуздун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн районубуздун бир катар айымдарын КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын “Ыраазычылык каты”, “КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалы, КР Саламаттык сактоо министрлигинин “Ыраазычылык каты” менен сыйлады.
Майрамдык салтанат маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.






