Тогуз-Торо районунда 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

 

Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгы районубузда белгиленип, “Өлбөс полк” жөө жүрүшү өткөрүлдү. Жөө жүрүшкө райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Манас Мураталиев, акимдин орун басарлары, айыл өкмөт башчылары жана мекеме ишканалардын жетекчилери эмгек жамааттары менен жана район тургундары катышышты.
Андан соң, эстеликке гүл чамбар коюлуп, ата-бабаларды эскерип куран окулду.
✏️Районубуздагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринин окуучулары тарабынан Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Жеңиш балдардын – көзү менен” сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, майрамга келген ар бир инсандын көңүлүн бурду.
🎗Райондук А.Сыдыков атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган майрамдык театрлаштырылган концерт тартууланды. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө аким Манас Мураталиев куттуктоо сөз сүйлөп, ата-бабаларыбыздын эрдигин баса белгилеп, элибизге тынчтык, ден соолук, ар бир үйгө кенен ырыскы каалады.
🎗Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн спорттук оюндарда орунга жетишкен командалар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply