Тогуз-Торо районунда 2023-2026-жылдар аралыгында көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелер жана алардын аткарылыштары жөнүндө маалымат
АТКАРЫЛГАН КӨЙГӨЙЛӨР
1. Табылгыты айылы – Э.Касымалиев мектебинин спорт залы
➤ Курулуш толук бүткөрүлүп, 2025-жылы пайдаланууга берилди.
2. Арал айылы – №3 Б.Үрстөмбеков мектеби
➤ Мектеп толук курулуп, 2024-жылы ишке берилди.
3. Чет-Булак айылы – М.Абдыжапаров мектеби
➤ Курулуш толук аяктап, 2024-жылы пайдаланууга берилди.
4. Кара-Суу айылы – спорт зал
➤ Спорт зал курулуп, 2023-жылы ишке берилди.
5. Тогуз-Торо району – АЗС куруу
➤ Биринчи АЗС ишке берилди, экинчи АЗС 2026-жылы пайдаланууга берилүү алдында.
6. Доржу каналы
➤ Канал оңдолуп, 456 га жер сугат суу менен камсыз болду.
7. Кош-Булак жана Өрнөк – таза суу
➤ Айылдар толук таза суу менен камсыз болду.
8. Казарман–Акталчат жолу
➤ 6 км асфальт төшөлдү, дагы 3 км пландалууда.
9. Карл-Маркс айылы – таза суу маселеси
➤ Кошумча суу тартылып, маселе чечилди.
10. Казарман–Жалал-Абад жолу (Арал–Казарман участогу)
➤ 3 км жол асфальтталып, пайдаланууга берилди.
АТКАРЫЛЫП ЖАТКАН КӨЙГӨЙЛӨР
1. • Казарман айылы – А.Абдраимов атындагы мектептин спорт залы
➤ Курулуш башталган, кышка байланыштуу токтогон, 2026-жылы улантылат.
2. • Атай айылы – 100 орундуу “Жеткинчек” бала бакчасы
➤ Курулуш жүрүп жатат, 2026-жылы пайдаланууга берилет.
3. • Арал айылы – “Айзирек” бала бакчасы (50 орун)
➤ Курулуш активдүү жүрүүдө, 2026-жылы ишке берилет.
4. • Дөдөмөл айылы – “Наристе” бала бакчасы (70 орун)
➤ Курулуш жүрүп жатат, 2026-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.
5. • Карл-Маркс айылы – №11 Саймалуу-Таш орто мектеби (150 орун)
➤ Курулуш иштери башталган, 2026-жылдын сентябрында бүтүрүү күтүлүүдө.
6. • Кош-Булак айылы – спорт зал
➤ Долбоордук-сметалык документтери даярдалып, курулушка даярдык жүрүүдө, 2026-жылы башталат.
7. • Казарман айылы – спорт комплекс
➤ Долбоор жаңыланып даярдалып жатат, титулдук тизмеге киргизүү иштери жүрүүдө.
8. • Кош-Булак айылы – ФАП (фельдшердик-акушердик пункт)
➤ Донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, 2026-жылга курулуш пландалууда.
9. • Дөдөмөл айылы – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ) имараты
➤ Долбоор фондго сунушталган, кароо процессинде.
10. • Өрнөк каналы
➤ Курулуш жүрүп жатат, 2026-жылы пайдаланууга берилет (104 га сугат жер).
11. • ЗРК Кара-Талаа каналы
➤ Курулуш токтогон, кайра жандандыруу жана титулга киргизүү процесси жүрүүдө.
12. • Жогорку Ак-Күп каналы
➤ Долбоор жаңыланып жатат, тендерге даярдоо стадиясында (2456 га суу менен камсыз болот).
13. • Казарман айылы – таза суу системасын Табылгыты суусунан тартуу долбоору
➤ ПСД, экспертиза, трансформация процесстери жүрүүдө. ПСДга 70.0 млн бөлүндү, 2026-жылы ПСД жүргүзүлөт.
14. • Арал жана Бирдик айылдары – таза суу долбоору
➤ ПСД даярдалып жатат, 2026-жылы курулушка конкурска коюлат.
15. • Казарман айылы – борбордук көчөлөр (Тоголок Молдо, Т.Кожалиев)
➤ Асфальттоо иштери 2026-жылкы титулга киргизилген, баштоо алдында.
16. • Бирдик–Арал–Карл-Маркс автоунаа жолу
➤ Курулуш жүрүп жатат, бөлүгү асфальтталды, 2026-жылы толук бүтүрүлөт.
17. • Казарман–Ак-Мойнок жолу (Долоно, Кызыл-Октябрь участоктору)
➤ Министрлик балансына өткөрүү процесси жүрүп жатат.
18. • Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолу (“Капчыгай” участогу)
➤ Мобилдик байланыш станциясын орнотуу боюнча иш алып барылууда.
19. • Бирдик айылы – кирпич заводу
➤ Жер трансформациясы бүткөн, инвестициялык чечимди күтүү стадиясында.
20. А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлер тажрыйба борбору (оорукананын имараты)
➤ Капиталдык ремонт өткөрүү аракеттер көрүлүп АРИС долбоору менен ишке ашуу алдында турат. 2026-жылы ПСД дарядалып, 2027-жылы курулуш башталат.
21. Бирдик айылы – ашар жолу менен башталган күрөш залы
➤ Курулуш жарым-жартылай бүткөн, ички иштер жана жабдуу үчүн иш кагаздар аяктаган учурда жергиликтүү бюджеттен 2026-жылы кароо алдында турат.
22. Арал–Бирдик айылдарынын ортосундагы 3 км жол
➤Асфальттоо иштери 2026-жылкы титулга киргизилген, 2026-жыл баштоо алдында турат.
23. Казарман айылы – саркынды суу (канализация) системасы
➤ “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы тарабынан 2026-жылга 10,8 млн сом акча каражаты каралып иш башталат.
24. Түндүк–Түштүк жолу (“Капчыгай”) – байланыш антеннасы
➤ Базалык станция орнотуу боюнча расмий кайрылуулар берилген.
АТКАРЫЛА ЭЛЕК КӨЙГӨЙЛӨР
1. Карл-Маркс айылы – “Саке Бий” бала бакчасы
➤ Имарат авариялык абалда, жаңы бала бакча куруу үчүн долбоор даяр, титулга киргизүү чечими чыга элек.
2. Табылгыты айылы – “Айзирек” бала бакчасы (жаңы имарат)
➤ Эски имарат кооптуу абалда, жаңы имарат куруу боюнча долбоор бар, бирок курулуш баштала элек.
3. Кара-Суу айылы – “Седеп” бала бакчасы
➤ Долбоор даяр, жер маселеси чечилген, бирок каржылоо булагы табыла элек.
4. Казарман айылы – А.Абдраимов мектебине кошумча окуу корпусу
➤ Калктын өсүшүнө байланыштуу муктаждык бар, министрликке кайрылуу жөнөтүлгөн, курулуш баштала элек.
5. Карл-Маркс айылы – спорт зал куруу
➤ Долбоор жана жер даяр, бирок каржылоо маселеси чечилбеген.
6. Казарман айылы – көп кабаттуу үйлөр (МИК долбоору)
➤ Жер бөлүнгөн, документтер даяр, бирок курулуш иштери баштала элек.
7. МРТ аппараты (магниттик-резонанстык томография)
➤ Министрликке кайрылуу берилген, жабдуу бөлүнгөн эмес.