Тогуз-Торо райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун хирургия, реанимация жана гинекология бөлүмдөрү заманбап медициналык аппараттар менен камсыздалды.
Район акими Манас Мураталиев жаңы аппараттар менен таанышып, бул жабдуулар калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө маанилүү роль ойной турганын белгилеп, ак халатчан дарыгерлерге иштерине ийгилик каалады.
Мындан тышкары, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна жана фельдшердик-акушердик пункттарга 5 даана мобилдүү медициналык чемодан тапшырылды. Бул жабдуулар алыскы айылдарда бейтаптардан медициналык анализдерди өз учурунда алууга шарт түзөт.
Оорукананын жетекчилигинин айтымында, эң керектүү жабдуулардын бири болгон лапароскоп аппараты операцияларды заманбап ыкмада жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берип, дарыгерлердин ишин жеңилдетет жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатат.
Эл саламаттыгы — башкы байлык!



