2025-жылдын 31-январында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Тогуз-Торо районунун 2024-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана 2025-жылга карата милдеттери тууралуу коллегиясы болуп өттү.
Район боюнча жалпы өнөр-жай тармагында иштеп жаткан өндүрүштүк субъекттер тарабынан 2024-жыл ичинде 2 млрд 217 млн сомдук продукция өндүрүлгөн болсо, ал эми 2023-жыл ичинде 1 млрд 416 млн сомдук продукциялары өндүрүлүп, продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 2024-жылга 128,7% ды камтып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 800 млн сомго көп өндүрүлүп, аткаруу 156,5% түзгөн.
Тогуз-Торо району боюнча мамлекеттик бюджетти аткарууда 2024-жылга 600 млн 639 миң сомдук план тапшырмасы берилип, иш жүзүндө 722 млн 149 миң сомго аткарылып, көрсөткүч 120,2% ды түзүп, мамлекеттик бюджетке 121 млн 510 миң сомдук каражаттар ашыгы менен түшкөн, же былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 287 млн 73 миң сомго көп чогултулуп, өсүү темпи 166,0% түзгөн.
Тогуз-Торо району боюнча 2024-жылы 264 млн 176 миң сомдук курулуш иштери жүрүзүлдү. Ал эми 2024-жылга жалпы 20,0 км. жол куруу планданган болсо, анын ичинен 8,4 км жол курулуп пайдаланууга берилип 11,6 км. жолдун курулуштары улантылууда.
Коллегиянын жыйынтыгы менен айрым жетекчилерге “сөгүш” жана “эскертүү” жазалары берилип жакынкы аралыкта ар бир жетекчиге Тогуз-Торо район ичинде өзгөчөлүк киргизе турган долбоорлорду даярдап райондук мамлекеттик администрацциясына сунуштоо жана айыл аймактардын айыл өкмөтүнүн башчылары менен салык кызматына 2025-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн 1 млрд сомго жеткизүү жагы тапшырылды.