Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы дайындалды

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 53-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 1-мартындагы №01-25/70 буйругу менен муниципалдык кадрлардын резервинде турган Жарбашов Алтынбек Турдубекович Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 24.02.2025-жылдагы №1 буйругу менен Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп дайындалды.
Эске сала кетсек,  Жарбашов Алтынбек Турдубекович буга чейин Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы болуп эмгектенип келген.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply