Тазалыкты камсыз кылуу максатында 300 даана таштанды таштоочу урна алынып келинди

Тогуз-Торо районунун аймагында тазалыкты камсыз кылуу жана жашоочулардын жашоо шартын жакшыртуу максатында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусунун аркасы менен 300 даана таштанды таштоочу урна Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушунун 7-дирекциясынын демөөрчүлүгү аркылуу алынып келинип, айыл өкмөттөргө бөлүнүп берилди.
Алынган урналар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
• Атай айыл өкмөтү – 80 даана
• Каргалык айыл өкмөтү – 150 даана
• Тогуз-Торо айыл өкмөтү – 70 даана

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply