“Таза-Кызмат” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу техникасы тапшырылды

Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу “Таза-Кызмат” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу техникасы тапшырылды.
Район акими Манас Мураталиев Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу “Таза-Кызмат” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу техникасын тапшырды. Тапшыруу аземине “Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондусу” мекемесинин байкоочу кеңешинин мүчөлөрү, Каргалык айыл өкмөтүнүн жана “Таза-Кызмат” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышты.
Долбоор “Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондусу” мекемеси тарабынан каржыланды. Долбоордун жалпы баасы 4 400,0 миң сом. Жакынкы аралыкта дагы Нур-Жайык кичи району үчүн 20 даана таштанды таштоочу урналары келет.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply