“Санжыралуу Саймалуу-Таш 2025” туризм сезонунун ачылыш аземи

Бүгүн Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш” мамлекеттик паркынын Көк-Арт участкасында “Санжыралуу Саймалуу-Таш 2025” туризм сезонунун ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин “Ынтымак” фракциясынын депутаттары, жергиликтүү бийлик жана район тургундары катышты.
Облус башчысы Тилек Текебаев жалпы катышуучуларды туристтик сезондун ачылышы менен куттуктады. Өкүл миңдеген жылдардык тарыхка ээ Саймалуу-Таш петроглифтери — ата-бабалардын дүйнө таанымын, турмушун, салтын жана руханий дөөлөтүн даңазалаган улуу мурас экенин белгиледи.
Салтанатта улуттук кийимдер, тамак-аш, Тогуз-Торо районунда өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү коюлуп, улуттук оюндар ойнотулду.
Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш коругу дүйнөдөгү ири петроглиф галереяларынын бири болуп саналат. Бул гиганттык зор сүрөт галереясы 10 гектардай аянтты ээлеп, байыркы ата-бабалардын жазуусу жок кездеги нечен кылымдарды камтыган чыгармачылыгын туу чокусу, байыркы исскуствонун уникалдуу эстелиги болуп саналат.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply