Өнөр жай мекемелери

“Макмалалтын” комбинаты – алтын өндүрүүчү  ишкана, 2001-жылдан  “Кыргызалтын” ачык акционердик  коомунун  филиалы. Райондун борбору  Казарман айылынын  түштүк-батышында 5 км аралыкта жайгашкан. 1966-1968-жылдары  Тогуз-Торо өрөөнү Тундүк-Кыргыз геология  экспедициясынын  Чаарташ чалгындоо партиясы тарабынан изилденип, Ак-Шыйрак тоо кыркаларынын батышында Макмал жайлоосунун Чаарташ тоосунан алтын кени табылгандыктан, 1976-жылы Кыргызстанга кен ылгоо фабрикасын куруу жөнундө  СССР Министрлер Советинин токтому чыккан. Анын негизинде  1977-жылдан комбинаттын объектилери курула баштаган. Ага 120 млн сом акча каржаты жумшалып, өндүрүш кубаттуулугу  жылына 50 миң тонна руданы казууга жана иштетүүгө эсептелген.1986-жылы “Макмалалтын” комбинаты пайдаланууга берилген. Комбинаттын жабдуулары  СССРдин  технологиясы менен жабдылып,  АКШнын  “Катерпиллер” трактору (бир чапчып жүктөгөнү 10 тоннага жеткен), “Краз” , “Белаз”  машиналары  (12 тоннага чейин  жүк көтөргөн) алынып келинген. Алгач 220гр алтын алынган. 1987-жылы комбинатта  иштегендердин саны 4,5 миңге жеткен. Комбинат ишке киргенден бугүнку күнгө чейин  (1986-2016-жж), (37,2 тонна алтын) өндүрүлүп,  мамлекеттин казынасына 2(эки) млрд сомдон ашык  салык түрүндө киреше берген.  Комбинаттын 3 негизги өндүрүштүк  бөлүмдөрү- цехи бар:Казарман айылынан 40км аралыкта жайгашкан, кен казуу иштерин жургузгөн тоо-кен цехи;Автотранспорт цехи;Кен ылгоочу фабрика. Комбинаттын турак-жай коммуналдык чарбасы, тамак-аш, азык-тулүк менен камсыздоочу кичи ишкана, “Меймандос” мейманканасы бар. Комбинат тарабынан  1776 орунду мектеп, 120 орунду оорукана, 500 орунду маданият үйү, 140 орунду 2 бала бакча, ЯН-40 самолету конуучу аэропорттун  курулуштары бүткөрүлүп Казарман-Жалал-Абад, Казарман-Комбинат-Карьер автоунаа жолдору салынган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  1997-жылы 10-декабрдагы  №722  токтому менен  “Макмалалтын”  комбинатын иштетүү узартылган.  Учурда  орточо эсеп менен 1006 адам  (алардын ичинен жумушчулар 929 адам, өндүрүшкө  байланышпаган жумушчу-кызматчылар 77 адам)  эмгектенет.  “Макмалалтын”  комбинатынын жетекчилери: К.Кыдыров (1977-1986-жж), В.И.Бабенко (1986-1987-жж), Э.М.Алжанбаев (1988-1989-жж), К.Кыдыров (1989-1991-жж), А.С.Үмөталиев (1991-1993-жж), К.М.Мамытов (1993-1994-жж), К.А.Өмурбеков  (1994-1995-жж), Б.Р.Рысалиев  (1995-1999-жж), Б.С.Бектенов (1999-2002-жж), А.А.Ашыралиев  (2002-2004-жж), Т.Токтосунов (2004-2005-жж), Ш.Алымбеков (2005-2006-жж), К.Коноков (2006-2008-жж), А.С.Батырканов (2008-2009-жж), А.К.Кожонов (2009-2010-жж), О.К.Исмаилов (2010-2011-жж), С.Айткулов (2011-2013-жж), Н.М.Исаков (2013-2014-жж), Ж.Т.Алымбеков (2014-2015-жж), К.Б.Дыйканов  (2015-жылдан).

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Comments are closed.