18-февраль күнү Республикалык предметтик олимпиаданын райондук туру башталды.
Олимпиаданын максаты:
Республикалык предметтик олимпиадалар окуучулардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана билимге болгон кызыгуусун арттырууну көздөйт. Райондук тур — олимпиаданын биринчи этабы болуп, анда райондук деңгээлде окуучулар белгилүү бир предмет боюнча күч сынашат.
Райондук турда катышуучулар белгилүү предмет боюнча (математика, физика, химия, биология, адабият ж.б.) тесттерден жана теориялык-жазма иштерден өтүшөт. Жыйынтыгында, эң көп балл топтогон окуучулар жеңүүчү болуп эсептелип, областтык турга жолдомо алышат.
Олимпиаданын райондук туруна районубуздагы жалпы 13 орто мектептен 10 предмет боюнча 253 окуучу катышууда.



