Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туу күнү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгын райондун аймагында, айыл аймагынын айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана жалпы билим берүүчү уюмдары менен биргеликте өткөрүлүп, салтанаттык иш-чара менен коштолду. Учурдан пайдаланып, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.К.Карагулов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата районубуздун жалпы тургундарын куттуктады: “Урматтуу районубуздун тургундары! Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгы менен өзүмдүн атынан жана райондук мамлекеттик администрациясынын атынан куттуктап, бул дата көз карандысыз элибиз үчүн чоң мааниге ээ майрамдардын бири. Анткени, эгемен мамлекетибиздин өз алдынчалыгын билдирген, дүйнө элине таанытып турган негизги белгилердин бири экендигин, мамлекеттик туунун майрамы өзүндө патриоттулуктун жана мекенге болгон чыныгы сүйүүнү камтып, биздин жашоо турмушубузда ардактуу орунда тургандыгын, Мамлекеттик туубузду көздүн карегиндей сактап, бийик көтөрүү, келе жаткан муунга өткөрүп берүү ар бирибиздин милдетибиз экендигин баса белгилеп, ар дайым ачык асман алдында мамлекеттик туубуз бийиктиктерге желбирей беришин, асманыбыз ачык, өлкөбүз тынч болушун каалайм!”