Тогуз-Торо айыл аймагынын Кош-Булак, Дөдөмөл, Өрнөк жана Ленин айылдарынын жашоочулары менен жолугушуулар өттү

Бүгүн Тогуз-Торо районунун акими М.Мураталиев бекитилген графиктин негизинде Тогуз-Торо айыл аймагынын Кош-Булак, Дөдөмөл, Өрнөк жана Ленин айылдарынын жашоочулары менен жолугушту.
Жыйындын жүрүшүндө айыл тургундары тарабынан бир катар көйгөйлүү маселелер анын ичинде таза-суу, саламаттыкты сактоо жана жайыт боюнча көйгөйлөр айтылып, тиешелүү тараптарга маселелерди чечүү боюнча тапшырмалар берилди.
Жыйынга акимдин 1-орун басары Т.Арун уулу, РИИБ башчысы Э.Эдильбаев жана тиешелүү мекеме жетекчилер катышты.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply