Медицина кызматкерлери “Саламат жүрөк” долбоору боюнча окутуудан өтүштү

🫀Тогуз-Торо райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунда жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу долбоорунун алкагында жүрөк кан тамыр ооруларынын алдын алуу максатында “Саламат жүрөк” чек-ап модулу боюнча медицина кызматкерлери жана айылдык ден соолук комитеттерине окутуу болуп өттү.
🫀Окутууга Тогуз-Торо райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун директору Дурия Абдылдаева катышып калктын саламаттыгына жана жарандардын арасында жүрөк ооруларын алдын алууда түшүндүрүү иштерине активдүү катышууга чакырды.
🫀Окутууга үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана фельдшердик акушердик пункттарынын медайымдары жана айылдык ден-соолук комитеттеринин төрайымдары катышышты.
Окутуу суроо жооптор менен уланып, атайын маалымат баракчалары жана саламат жүрөк китепчеси таратылды.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply