“Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын мектеп окуучулары арасында райондук этабы болуп өттү

Иш-чара, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» №126 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептеринин окуучулары арасында өткөрүлдү.
Таймашка, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын өкүлү Төлөбек Муса уулу катышып жыйынтыгы чыгарылды.
Жыйынтыгында, 1-орунга №1 Т. Мойдунов атындагы Макмал, 2-орунга №8 М. Абдыжапаров, 3-орунга №3 Б. Үрстөмбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринин окуучулары ээ болуп, таймаштын областтык этабына жолдомо алышты.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply