Мамлекеттик органдардын ишин QR-коддор аркылуу баалоо системасы киргизилди.

Эми жарандар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты боюнча өздөрүнүн сунуш же сын-пикирлери болсо “Түндүк” тиркемеси аркылуу QR-кодду сканерлеп, өздөрүнүн ой-пикирлерин калтырса болот. Жыйынтыгы менен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү бааланат.
Бул багытта Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, райондук мамлекеттик администрацияларынын, шаарлардын мэрияларынын, мэриялардын алдындагы мекеме-ишканалардын жана айыл өкмөттөрдүн имараттарына тиешелүү QR-коддор илинген.
Мындагы негизги максат, жарандардын пикирин алуу үчүн ачык жана ыңгайлуу механизм түзүү болуп саналат. Тактап айтканда, система жарандарга көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын сапаты, пайда болгон көйгөйлөрдү өз убагында аныктап, тийешелүү ыкчам чараларды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply