Иш чаранын жүрүшүндө ишкананын жетекчиси Асеинов Руслан Бекболотович куттуктоо сөз сүйлөп жалпы жумушчу-кызматкерлерди куттуктап, ишкананын жетишкен ийгиликтерине ар-биринин салы жогору экендигин баса белгилеп өттү.
Мындан сырткары өндүрүш тармагында үзүрлүү ак ниет эмгек кылган жумушчу-кызматкерлерге тиешелүү министрликтер тарабынан “тармактын мыкты кызматкери” “ардактуу кенчи” төш белгилери, Кыргызалтын ачык акционердик коому тарабынан атайын аталышы түшүрүлгөн кол сааттар, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрдүн жана “Макмал Голд Компани” ишканасынын “Ардак Грамоталары” тапшырылды.

Урматтуу өндүрүш тармагынын кызматкерлери жалпы баарыңыздарды “Металлургтар күнү” кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Ак ниет, күжүрмөн эмгегиңиздердин арты менен өлкө экономикасына салым кошо беришиңиздерге тилектешпиз.