Курч кармаган вирустук инфекциясы алдын-алуу

Респиратордук инфекция- бул аба аркылуу жугуучу жугуштуу оорулар. Булар сасык тумоо, КРВИ- курч кармаган вирустук инфекция, суу чечек, менингит, скарлатина, covid-19, кызамык, оорулары кирет.
💊Оорунун козгогучу вирустар . Вирус- оорулуу адамдан соо адамга аба, аба тамчылар аркылуу тез тарап, жугат.
💊Райондо жыл ичинде менингит, скарлатина, covid-19, сасык тумоо оорулары катталган жок.
💊2024-жылы райондо КРВИ 469 учур катталды, а.и.1 жашка чейинки жаш балдар 126, ал эми 5 жашка чейинки жаш балдар 310 катталган же 70% түздү. Ооругандар негизинен үйдө отурган же бала бакча, мектепке бара элек балдар ооруп жатышат. Себеби жаш балдарды көпчүлүккө алып баруу, иммунитети төмөн болгондуктан бардык ооруларды жугузуп алышат. Мындан сырткары баланы ысык кармоодо, аба алмашууда- ысыктан муздака чыкканда, киринткенде суук тийип калгандан ооруйт.
💊Суу чечек 2024-жылы 149 учур катталган а.и. 14 жашка чейинки балдар, бала бакча, мектепке барган балдар 88 % түзүүдө. Бул оору тез тарап жугуучу оору болгондуктан бала бакча, мектепке барган балдар көп оорушат, себеби бөлмөлөр желдетилбейт, топтолуп отурушат( скученность) тез жугуп калат.
💊Алдын алуу: 🔹️бөлмөнү желдетүү 🔹️эмеректерди ысык самын суу жууп тазалоо
🔹️тез-тез кол жуу
🔹️балдар болобу, чондор болобу салфетка, бет аарчы алып жүрүү(чүчкүргөндө, жөтөлгөндө пайдалануу үчүн).
🔹️ооруканага бара жатканда бет кап тагынуу
🔹️дарыгерге кайрылуу үчүн электрондук кезеке тур
🔹️дене табы жогору, 1 жашка чейинки жаш балдарды кезексиз кабыл алуу
🔹️ооруканада кол жуу үчүн коридорлордо суулар чыгат
🔹️бейтаптар үчүн дааратканалар иштейт
🔹️санитардык эрежелерди үйдө, жумушта, ооруканада, көчөдө сактоо.
🔹️санитардык маданиятты ар бириниз сактап, балдарга үйрөтүү шарт.
🔹️бала бакча, мектеп, оорукана, мекеме- ишканаларда, үйдө температуралык эрежени сактоо!
❗️Санитардык эрежелердин бала бакча, мектеп, оорукана жана мекемелерде сакталышы санэпидкызматкерлер тарабынан көзөмөлдөнүп турат.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply