2026-жылдын 27-январында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында айыл аймактарынын айыл өкмөт башчыларынын, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда коллегиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү.
Отурумдун күн тартибинде Тогуз-Торо районунун 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана 2026-жылга карата милдеттери тууралуу каралып.
Бул маселелер боюнча тиешелүү бөлүмдөрдүн жана мекемелердин жетекчилери тарабынан кеңири маалыматтар берилип, аткарылган иштерге талдоо жүргүзүлдү.
Коллегиянын жүрүшүндө айтылган маселелер боюнча талкуулар болуп, кемчиликтерди жоюу жана алдыдагы милдеттерди тактоо боюнча сунуш-пикирлер айтылды. Жыйынтыгында тиешелүү токтом кабыл алынып, белгиленген тапшырмалардын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу боюнча жооптуу жетекчилерге милдеттер жүктөлдү.


