Тогуз-Тородо акими М.М.Мураталиев эл менен жолугуп, бир катар маселелер чечилүүдө. Буга чейин ал райондун Тогуз-Торо айыл аймагына караган Кош-Булак, Дөдөмөл, Өрнөк жана Ленин айылдарынын Каргалык айыл аймагынын Казарман, Чет-Булак, Кара-Суу, Табылгыты айылдарынын жашоочулары менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө айыл тургундары тарабынан бир катар көйгөйлүү маселелер анын ичинде таза-суу, саламаттыкты сактоо жана жайыт боюнча көйгөйлөр айтылып, тиешелүү тараптарга маселелерди чечүү боюнча тапшырмалар берилди.
Жыйынга акимдин 1-орун басары Т.Арун уулу, РИИБ башчысы Э.Эдильбаев жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышууда.
