Райондо ” Идеядан инновацияга-жаштардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы Жаштар форуму райондук мамлекеттик администрация тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.
Форумга, район акими Манас Мураталиев, райондук билим берүү бөлүмү, айылдык кеңештин депутаттары, жаштар кеңештери, мекеме-ишканалардын жаштары, жеке ишкерлер жана мектеп парламенттери катышты.
Район акими өз сөзүндө, келечек жаштардын колунда экенин баса белгилеп жаштарды активдүү болууга, районубуздун, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга чакыруу менен ар дайым жаштардын демилгелери колдоого алынаарын билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө, мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат, билим берүү, экология, туризм жана ишкерлик багыттарында спикерлер тарабынан презентация жасалып, жаштар арасында талкуу болуп сунуштар айтылды.
Форумдун максаты-райондогу жаштардын идеяларын колдоо, алардын чыгармачылык потенциалын арттыруу жана келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу.
Жыйынтыгында, жаштар топторго бөлүнүп практикалык түрдө долбоорду жазып, келечекте ишке ашыруу үчүн райондук мамлекеттик администрациясына, айыл өкмөттөргө сунушталат.



