23-февраль Мекенди коргоочулар күнү

23-февраль Мекенди коргоочулар күнү

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.К.Карагуловдун 23-февраль Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктоосу.
Урматтуу мекенди коргоочулар, урматтуу ардагерлер!!!
Баардыгыныздарды бүгүнкү Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайм.
Эр жигит эл четинде, жоо бетинде демекчи,
Элибизде аскердик кызматка илгертеден бери болгон сый жана кадырлуу мамиле калыптанып калган. Себеби, элибиз ѳзүнүн бай тарыхында нечендеген жолу сырткы душмандардын кол салуусунан коргонуп келген. Ата Мекенинин эгемендигин жана элинин эркиндигин коргоп жатып, элибиздин улуттук мүнѳзү калыптанып жана курчуган. Ушунун натыйжасында, Мекенди коргоочунун күнү мамлекетибиздеги калк майрамдай турган ири майрамдардын бири.
Андыктан баарыңыздарга узун өмүр, чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply