2025-жылдын 11-июлунда район акими Манас Мураталиев айыл өкмөт башчылары жана мекеме жетекчилеринин катышуусу менен жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө район аймагында катталып жаткан эхинококкоз жана бруцеллёз ооруларынын жайылышы, тоют топтоо, оруп-жыйноо маалында күйүүчү майдын тартылышы, элге сугат суунун өз убагында берилиши, жолдордун абалы жана Каргалык айыл аймагында таза суу, жарыктандыруу маселелери каралды. Мекеме жетекчилердин маалыматтары угулуп, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Мындан сырткары, 2025-жылдын 7-8-9-июлундагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.М.Мураталиевдин район аймагында жергиликтүү эл менен жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелер боюнча түзүлгөн иш-чаралар планын тиешелүү мекеме жетекчилерге жана айыл өкмөт башчыларга маселелерди чечүү боюнча тапшырмалар милдеттендирилди.
